Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

маалыматтык билдирүүсү 

 

Өлкөнүн финансы-банк секторунун коопсуздугун жана финансы-кредит уюмдарынын активдеринин сакталышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына 2020-жылдын 7-октябрында өз ишин токтотуп, өлкөбүздө саясий абал туруктуу болгонго чейин коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштайт.  

Улуттук «Элкарт» төлөм системасы нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну улантууда. Төлөмдөр жана эсептешүүлөр нак эмес жана аралыктан төлөөнүн ар кандай инструменттерин банктык төлөм карттарды, электрондук капчыктарды, «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемелерин, QR-коддорду ж.б. колдонуу менен ишке ашырылышы мүмкүн.  

Ошол эле учурда акча каражаттарын которууну камсыз кылган улуттук төлөм системаларынын, ошондой эле чек ара аркылуу төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүндүк берген эл аралык төлөм системаларынын иши токтотулду. 

Улуттук банк финансылык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер боюнча финансылык уюмдарга онлайн кызмат көрсөтүүлөрү (телефон, электрондук почта, социалдык түйүндөр жана мессенджерлер ж.б.)  аркылуу кайрылууну сунуштайт.  

Финансылык уюмдардын иштөө режими, финансылык продуктулары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматтарды алардын интернет-сайттарынан алууга болот.   

Улуттук банк жагдайды байкоого алып турат, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансылык жана банк системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды колдонот.