Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

маалыматтык билдирүүсү 

 

 

Бишкек шаарында 2020-жылдын 9-октябрында киргизилген өзгөчө абал шартында, банк жана төлөм системасы өзгөчө абалдын талаптарына туура келген режимде иштеп жатат. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары (мындан ары финансы уюмдары) экономиканын тармактарын, ишкерлерди жана калкты негизги банктык кызмат көрсөтүүлөр менен үзгүлтүксүз жана өз убагында камсыз кылуу жагында өз ишин жүргүзүүнү улантууда.  

Төлөм системасы, анын ичинде «Элкарт» улуттук төлөм системасы штаттык режимде иштеп жатат. Ал эми финансы уюмдары нак эмес төлөмдөрдү, улуттук төлөм системалары жана эсеп ачуусуз жеке адамдардын акча которуу системалары боюнча акча которуу жана төлөө операцияларын ишке ашырууда. 

Эмгек акыларды, пенсияларды, жөлөк пулдарды чегерүү мезгили аралыгында калкты нак акча менен өз убагында камсыз кылуу максатында, Улуттук банк жана анын региондордогу областтык башкармалыктары өлкөнүн бардык региондорунда өз ишин жүргүзгөн филиалдарын жана сактык кассаларын кошуу менен коммерциялык банктар аркылуу калкты, экономиканын тармактарын нак акча менен толук көлөмдө камсыз кылуу иштерин жүргүзүп жатат

Нак акчанын, ошондой эле нак эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүү болушу өлкөнүн бардык региондорунда финансы уюмдары тарабынан орнотулган банктык жабдуулар аркылуу камсыз кылынууда. 

2020-жылдын 1-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 1 813 банкомат, 11 633 POS-терминал (анын ичинен 9 447 POS-терминал соода-тейлөө түйүндөрүндө жана 2 186 POS-терминал коммерциялык банктардын филиалдары менен сактык кассаларында) жана 2 018 төлөм терминалы орнотулган. 

Улуттук банк банктык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер жаралган учурда түздөн-түз финансылык уюмдарга кайрылууну сунуштайт, аларга иштөө убактысын саат 09:00дөн тартып 15:00гө чейин аныктоо сунушталган.  

Финансылык уюмдардын иштөө режими, финансылык продуктулары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматтар алардын интернет-сайттарында жайгаштырылган. 

Улуттук банк учурдагы жагдайга байкоо салып турат, өлкөнүн финансы жана төлөм системасынын коопсуздугу менен туруктуулугун камсыз кылуу үчүн чараларды көрөт.