Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

лотерея жана утуш оюндарын ойнотпойт 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коомдук кабылдамасына Улуттук банк ойнотуп жатат деген имиш менен ойнотулуп жаткан утуш тууралуу толук маалымат алууга кызыккан жарандардан кайрылуулар келип түшүүдө. Улуттук банкка келип жаткан маалыматтарга ылайык, белгисиз адамдар акчалай же башка баалуу байгени утуу тууралуу баяндап, ал үчүн комиссиянын белгилүү бир суммасын төлөө зарылдыгын айтышкан. Ошондой эле, ал адамдар Улуттук банктын лицензиясына шилтеме берүү менен көрсөтүлгөн реквизиттер боюнча белгилүү бир сумманы төлөөнү суранышкан.  

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү белгилеп кетүүнү зарыл деп эсептейт:  

Улуттук банктын негизги милдеттери болуп, улуттук валютанын сатылып алынуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, республиканын экономикалык жактан узак мөөнөткө өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүү иштешин камсыздоо эсептелет.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эч кандай лотерея жана/же кандайдыр бир утуш оюндарын ойнотпойт жана аларды уюштурууга да катышпайт.  

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы финансы пирамидалары, лотереяларды жана акчалай байгелерди ойнотуу менен алектенген компанияларга лицензия бербейт. Улуттук банктын уруксат берүү документтерине шилтеме берген мындай учурлар чындыкка дал келбейт жана лотерея же баалуу байгелерди/акча каражаттарын ойнотуу тууралуу мындай маалымат алардын мыйзамдуулугуна кошумча текшерүү жүргүзүү зарылдыгын айгинелейт. Мындай учурларда кулактандырууларда айтылган компаниялар менен уюмдардын өзүнө же түздөн-түз укук коргоо органдарына кайрылуу сунушталат.  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 111-беренесинин 8-пунктуна ылайык, банктарга ар кандай утуштарды, лотереяларды жана башка ушул сыяктуу "оюн" иш-чараларын уюштурууга же аларды өткөрүүгө катышууга, ошондой эле аларды жарнамалоого жана жарыялоого тыюу салынат. Банктар Улуттук банктын талаптарына ылайык маркетингдик иш-чараларды жүзөгө ашыра алат. Кайсы бир финансы институтун ушундай лотереяларда, ойнотуу оюндарында же финансы пирамидаларында эскертүү финансылык аферанын белгиси болуп саналат.  

Улуттук банк жарандарды этият болууга чакырат жана Улуттук банктын компетенциясына кирген бардык суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коомдук кабылдамасына 61-04-86 телефону же mail@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылууну сунуштайт.