Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатын бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камтыган.  

Токтом долбоору «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары жана кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча сунуш-пикирлерин Улуттук банкка 2020-жылдын 21-ноябрынан кечиктирбестен, ошондой эле psoversight@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.