Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

маалыматтык билдирүүсү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы социалдык тармактар жана башка маалымат байланыш каналдары аркылуу Улуттук банктын алтын-валюта камдары, сом эмиссиясы жана улуттук валютанын АКШ долларына карата курсу тууралуу чындыкка дал келбеген маалымат таркап жаткандыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт. 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамынын 47-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө насыя берүүгө, анын ичинде республикалык бюджеттин тартыштыгын каржылоо үчүн насыяларды жана кепилдиктерди берүүгө Улуттук банкка тыюу салынат. Бул берене Мыйзамга акчаны контролдоосуз басып чыгаруунун эсебинен инфляцияны “жогорулатып жиберүүгө” жана улуттук валютанын нарксызданышына жол бербөө максатында киргизилген. Банкноттор жана монеталар банкноттордун кетилип эскиришине жараша улуттук валютанын запастарын план боюнча толуктоо максатында гана даярдалып турат. Бул планга жакынкы арада кандайдыр бир өзгөртүү киргизүү каралган эмес, ошондой эле пландаштырылган жок. 

Эл аралык камдар же алтын-валюта камдары бул, мамлекеттин активдери, ага Улуттук банк “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамга ылайык ээлик кылат жана тескөөгө алып турат. Алар Кыргыз Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыздоо үчүн жана Кыргыз Республикасынын тышкы карыз боюнча милдеттенмелерин өз убагында аткаруу үчүн колдонулушу мүмкүн.  

Улуттук банк аталган милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн керектүү деңгээлдеги эл аралык камдардын көлөмүн туруктуу негизде колдоого алып турат. 2020-жылдын 22-октябрына карата абал боюнча эл аралык камдардын дүң көлөмү 2020-жылдын башынан тартып 597,5 млн АКШ долларына же 24,6 пайызга өсүү менен 3 021,6 млн АКШ долларын түздү

Алтын-валюта камдарынын керектүү көлөмүн кармап туруу жана аларды колдонуу иши эл аралык финансы институттары тарабынан байкоого алынып турат, алтын-валюта камдарынын кандайдыр бир шектүү операцияларга катышуусу донордук жардам көрсөтүүлөрдүн, ошондой эле өлкөгө берилип жаткан башка жардамдардын токтотулушуна алып келиши мүмкүн. 

Алтын-валюта камдарынын көлөмү тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында мезгил-мезгили менен жаңыртылып турат жана кеңири коомчулукка жеткиликтүү болуп саналат. 

Улуттук банк тарабынан мыйзамдардын бардык ченемдеринин кынтыксыз аткарылышы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана эл аралык “ири төрт” аудитордук компаниялары (Deloitte, Ernst & Young, PricewaterhouseCoopers, KPMG) тарабынан дагы тыкыр көзөмөлгө алынып, тастыкталып турат. 2020-жылы Улуттук банктын ишине KPMG компаниясы аудитордук текшерүү жүргүзөт. 

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде таркатылып жаткан маалыматтар чындыкка туура келбейт.