31-октябрь күнү өлкөбүз Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн алтынчы ирет белгилейт. Бул иш-чараны Улуттук банк Эл аралык кызматташтык боюнча Шпаркасс Германия фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, коммерциялык банктар жана Депозиттерди коргоо боюнча агенттик менен биргеликте өткөрөт. 

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзү боюнча да белгиленип келет.  

Бул иш-чаранын максаты балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу. 

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн негизги милдети калктын каражат топтоо маданиятын калыптандыруу, себеби каражат топтоо адамдарга өз келечегин пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет: алсак, балдарга билим берүү, турак жай, автоунаа сатып алуу, саякаттоо ж.б. 

Жылдан-жылга Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн өткөрүү балдар менен жаштар арасында кеңири белгилүү болуп, аны өткөрүү чөйрөсү да кеңейип келет. 

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн “Кыялдар канат байлаганда” Когда мечты становятся возможностями” деген урааны кампаниянын жалпы маңызын таамай чагылдырып, Кыргызстандын келечеги үчүн каражат топтоону сактоонун эң эле туруктуу ыкмасы бул банктык салымдар экендигин тастыктап турат. 

Алсак, эгер 2017 жана 2018-жылдардын сентябрь айында банк секторунун депозиттик базасы тиешелүүлүгүнө жараша 118,2 млрд сомду жана 127, 5 млн сомду түзсө, 2020-жылдын август айында 165 млрд сомдон ашкан. Бул сандык көрсөткүч, калктын банктарга көбүрөөк ишеним артып, адамдардын депозит кылып сактоо жакшы экендигин түшүнө баштагандыгынан кабар берет. 

Депозит базасынын өсүшү, биринчи кезекте, банк тутумунун туруктуулугу, ошондой эле депозиттерге тиешелүү бир катар артыкчылыктар менен шартталган.  

Бул жылы бардык социалдык ченемдерди сактоону эске алуу менен Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө онлайн форматында өтөт. 

Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана башка финансылык мекемелердин өкүлдөрү социалдык тармактар аркылуу калкка каражат топтоонун маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берип, топтолгон каражатты сактоонун жана көбөйтүүнүн ар кандай ыкмалары менен тааныштырышат.  

Бардык иш-чаралардын толук тизмеси Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана финансылык сабаттуулук боюнча www.finsabat.kg сайтында жайгаштырылат.