Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2020-жылдын 26-октябрындагы № 2020-ЗСД-КОМ-КПС-15/1 токтому менен «М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому үчүн төмөнкү банк операцияларын жана кызматтарын тестирлөө үчүн атайын жөнгө салуу режими түзүлгөн: 

- нак эмес формада кредиттерди берүү үчүн алдын ала чыгарылган «Элкарт» улуттук төлөм системасынын чектелген функциядагы кредиттик карттарын чыгаруу; 

- POS-терминалдар/QR-коддор, анын ичинде соода-тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотуу/QR-коддорду пайдалануу жана «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карттарын сатылган товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө каражаты катары кабыл алуу боюнча келишимдерди түзүү, ошондой эле соода-тейлөө ишканалары менен эсептешүүлөрдү коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин негизинде камсыз кылуу аркылуу «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карттарынын эквайринги. 

Атайын жөнгө салуу режими 2020-жылдын 2-ноябрынан 2021-жылдын 29-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына белгиленген. 

Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучулары катары «М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому эсептелинет».