2020-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов Корея Республикасынын Борбордук банкы тарабынан уюштурулган «COVID-19 пандемиясынан кийинки глобалдык өзгөрүүлөр жана түндүк экономикалык кызматташуунун келечеги 2020» темасындагы эл аралык форумга видеоконференция режиминде катышты. 

Форумдун жүрүшүндө COVID-19 пандемиясынан кийин өлкөлөрдө орун алган экономикалык жагдай, экономиканы калыбына келтирүүдө финансы каражаттарынын ролу, ошондой эле борбордук банктар ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.