Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коомдук талкууга «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишиндеги бузуулар жөнүндө маалымдоо саясатын бекитүү тууралуу» токтом долбоорун сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2020-жылдын 2-декабрынан кечиктирбестен iayazbaev@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.