Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банк портфелинин экономикалык наркынын пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу деңгээлин аныктоо үчүн коммерциялык банктардан маалымат алуу максатында, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоордо ликвиддүүлүк ченемдерин (К3.1, К3.2) эсептөө тартибин өзгөртүү жана сандык көрсөткүчтөрдүн негизинде Улуттук банктын коммерциялык банктарга алардын системалуу маанилүүлүгү жөнүндө билдирүүсү тууралуу ченемди киргизүү каралган. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/ «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2020-жылдын 2-декабрынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл