2020-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов Борбордук Азия, Кара деңиз жана Балкан региондорундагы өлкөлөрдүн Борбордук банктарынын башкаруучулар клубунун видеоконференция режиминде өткөн 44-отурумуна катышты. 

Отурумдун жүрүшүндө COVID-19 пандемиясы контекстинде дүйнөлүк экономика жана финансы системаларынын келечеги, ошондой эле Борбордук банктардын санариптик валюталары боюнча маселелер талкууланды.