Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПC) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына эл аралык төлөм системаларын каттоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому менен Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине жана «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр киргизилген. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк»/«Банк иши тууралуу мыйзамдар»/«Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.»