Банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын карыз алуучуларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын финансы-кредит уюмдарынан кредит алган жана COVID-19 коронавирус инфекциясынан улам келип чыккан эпидемиологиялык жана социалдык жагдайга байланыштуу экономикалык оор жагдайга туш болгон карыз алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле өлкөнүн банк жана финансы системаларынын туруктуулугун сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы №552 токтому менен (мындан ары Өкмөттүн токтому) карыз алуучуларды кредит боюнча пайыздарды/ислам каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча үстөк бааларды төлөөдөн бошотуу чечими кабыл алынган.  

Өкмөттүн жогоруда аталган токтомуна ылайык, 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 000 (жүз миң) сомдон ашпаган өлчөмдө банктардан жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынан (кредиттик союздардан, лизинг компанияларынан жана күрөөканалардан тышкары) (мындан ары ФКУ) кредит/каржылоо алган карыз алуучулар 2020-жылдын декабрь айында жана 2021-жылдын январь-февраль айларында чегерилген пайыздарды/үстөк бааларды төлөөдөн бошотулат.  

Мында, кредит боюнча төлөө графигине ылайык 2020-жылдын ноябрь айы үчүн чегерилген кредит боюнча пайыздар/ислам каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча үстөк баалар төлөнүүгө тийиш. 

Өкмөт тарабынан субсидиялануучу кредит боюнча пайыздардын/ислам каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча үстөк баалардын жалпы суммасы болжолу менен 1,2 млрд сомду түзөт.  

Улуттук банк 2020-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине (мындан ары - Финансы министрлиги) ФКУлардын жыйынтыкталган реестрин тапшырат, андан кийин Финансы министрлиги алар менен карыз алуучулардын кредиттери боюнча чегерилген пайыздарды/үстөк бааларды субсидиялоо жөнүндө макулдашуу түзөт.  

ФКУлар 2020-жылдын 27-ноябрына чейин аталган токтомдо көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген карыз алуучуларга пайыздарды/үстөк бааларды төлөөдөн бошотулгандыгы жөнүндө маалымдап, Өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде кредит боюнча пайыздарды/ислам каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча үстөк бааларды төлөөдөн бошотулган карыз алуучулар реестрин түзүшөт.  

Реестрге киргизилбей калуу тобокелдигине жол бербөө үчүн Улуттук банк карыз алуучуларга 2020-жылдын 5-декабрына чейин кредит боюнча пайыздарды/ислам каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча үстөк бааларды төлөөдөн бошотулган карыз алуучулар реестрине киргизүү үчүн ФКУга жазуу жүзүндө, анын ичинде электрондук байланыш каналдары аркылуу кайрылууну сунуштайт.  

Эгерде карыз алуучунун бир нече ФКУда кредити/каржылоосу бар болсо (катар кредиттери), ФКУдан билдирүү алган карыз алуучулар кредит боюнча пайыздарды/ислам каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча үстөк бааларды төлөөдөн бошотулган карыз алуучулар реестрине киргизүү үчүн өз каалоосу боюнча тандап алган ФКУга жазуу жүзүндө, анын ичинде электрондук байланыш каналдары аркылуу өтүнүч кат менен кайрылууга тийиш. 

Улуттук банк, кредит боюнча пайыздарды/ислам каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча үстөк бааларды төлөөдөн бошотулган карыз алуучулар реестрине кирүү үчүн жазуу жүзүндө, анын ичинде электрондук байланыш каналдары аркылуу өз убагында кайрылуу зарыл экендигин карыз алуучуларга эскертет. 

ФКУ тарабынан түзүлгөн, анда субсидиялануучу пайыздар/үстөк баалар суммасы көрсөтүлгөн карыз алуучулар реестринин негизинде Улуттук банк ФКУдан карыз алуучулар реестрин алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Финансы министрлигине карыз алуучулардын жыйынтыкталган реестрин жөнөтөт. 

Финансы министрлиги, өз кезегинде, ай сайын Улуттук банктан карыз алуучулардын жыйынтыкталган реестрин жана финансы-кредит уюмдарынын билдирмелерин алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде ФКУлардын эсептерине субсидиялардын эсептик суммаларын которот.  

Маалыматтардын ачык-айкындуу сунушталышын камсыздоо жана финансы-кредит уюмдары Өкмөттөн алган субсидиялардын тиешелүү негизде пайдаланылышын контролдоо максатында, Улуттук банк инспектордук текшерүүлөрдүн алкагында, карыз алуучулар реестриндеги маалыматтардын аныктыгын жана Өкмөттүн токтомунда белгиленген ченемдердин жана талаптардын аткарылышын текшерет. 

Маалыматтар так эмес сунушталгандыгы жана/же Өкмөттүн токтомунда белгиленген ченемдер жана талаптар аткарылбагандыгы аныкталган учурда, мындай маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн Финансы министрлигине өткөрүлүп берилет.