Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт.  

Токтом долбоору банктардын милдеттенмелеринин мөөнөттүү түзүмүнө карата милдеттүү камдык талаптардын нормаларын дифференциациялоону киргизүү үчүн коммерциялык банктардын милдеттенмелери боюнча толугураак отчеттук маалыматты топтоо максатында иштелип чыккан.   

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.   

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2020-жылдын 21-декабрынан кечиктирбестен rkerimkulova@nbkr.kg жана balymkulova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.