Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор милдеттүү камдык талаптар боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында даярдалган. Долбоордун алкагында төмөнкүлөр каралат: 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан милдеттүү камдык талаптарды сактоо үчүн каралган камдык активдердин курамын директивдүү кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү

- форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынан улам милдеттүү камдык талаптардын аткарылбай калышы үчүн айыптык санкцияларды колдонбоо мүмкүнчүлүгүн киргизүү

- техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү

Ошол эле учурда, акча-кредит саясатынын бул инструментинин концептуалдык аспектилери мурдагыдай эле калууда. 

Бул долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын «Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы долбоорго карата сын-пикирлерди жана сунуштарды 2020-жылдын 21-декабрынан кечиктирбестен amambetkulkyzy@nbkr.kg и bkudaiberdieva@nbkr.kg электрондук даректери боюнча (Word жана PDF форматтарында) жөнөтүүнү өтүнөт.