Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-ноябрындагы чечими менен «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коомуна башка эмитенттердин стандарттуу жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү аффинаждалган баалуу металлдары жана жогорку сапат белгисине ээ банк күмүшүнөн, алтынынан жана платинасынан даярдалган монеталар менен нак формада операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берилгендигин билдирет.