Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 25-ноябрында № 2020-П-12/67-3-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) эсептери боюнча пайданы/чыгымды бөлүштүрүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды. 

Токтом, сунушталып жаткан операциялардын ачык-айкындуулугун жана кардарлардын акча каражаттарын жайгаштыруудан алынган пайданы/чыгымды бөлүштүрүүнү стандартташтыруу жолу аркылуу аманатчылардын ишенимин арттыруу, ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктар тарабынан түзүлгөн каржылоо портфелдерин жана аманаттарын тескөө талаптарын белгилөө максатында кабыл алынган. 

Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.