Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 5,0 пайыз деңгээлинде калтырды  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 30-ноябрында эсептик ченди (негизги ченди) 5,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул чечим 2020-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.  

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Эл аралык уюмдардын базалык болжолдоосу боюнча дүйнөлүк экономиканын калыбына келиши бирдей эмес деңгээлде болуп, калыбына узак убакытта келери жана белгисиз жагдайлар менен коштолушу күтүлөт. Дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторунда волатилдүүлүк сакталууда.  

Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келиши тышкы жана ички терс факторлордун таасиринен кыйла басаңдаган. Ошондой эле экономиканын дээрлик бардык секторлорунда өндүрүш көлөмүнүн кыйла төмөндөшү уланууда. Экономиканын туруктуу экономикалык өсүү траекториясына кайтышы көбүнчө өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга, соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын калыбына келүү тездигине, ошондой эле дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы баалардын динамикасына жараша болот.  

Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда Кыргыз Республикасы тарабынан импорттолуучу негизги азык-түлүк товарларына баанын жогорулашы байкалууда. Бул фактор, өлкөгө товарлар импортунун логистикасынын татаалданышы менен катар эле, коңшу өлкөлөрдүн жергиликтүү этке болгон суроо-талабынын өсүшү, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү АКШ долларынын курсунун жогорулаган тенденциясы инфляция арымынын бир аз тездешине шарт түзгөн. Жылдык инфляциянын көрсөткүчү 2020-жылдын ноябрь айында (жыйырмасында) 7,9 пайызды түзгөн. Учурдагы экономикалык шарттарда инфляциянын орточо маанисинин 2020-жылдын акырына чейин бир маанидеги чекте сакталышы жана убактылуу тездеши күтүлөт.  

Жалпысынан, акча-кредит секторунун абалы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон жок. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери Улуттук банктын эсептик чени менен жалпы багытта болуп, белгиленген пайыздык чектин алкагында өзгөрүүсүн улантууда. Ошондой эле, банктар аралык кредит рыногундагы жигердүүлүк сакталып, кредит портфелинин жана депозиттик базанын өсүшү да уланууда.  

Ички валюта рыногунда өтүп жаткан жылдын ноябрь айында чет өлкө валютасына болгон сунуштан ага карата суроо-талаптын жогорулагандыгы байкалган. Тышкы факторлор, атап айтканда, товардык-чийки зат рынокторундагы волатилдүүлүк, COVID-19 пандемиясынан улам бир катар өлкөлөргө чектөөлөрдү кайрадан киргизүүгө жана ага байланыштуу глобалдуу экономикадагы терс натыйжалар улуттук валютанын курсуна басым көрсөтүү факторлорунан болгон жана ал алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жөнгө салуу үчүн Улуттук банк тарабынан валюталык интервенцияларды жүргүзүүнү шарттаган.  

Тышкы чөйрөнү өнүктүрүү өбөлгөлөрүн жана түптөлүп жаткан ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5,0 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Мында, жалпысынан акча-кредит саясатынын инструменттери экономиканын реалдуу секторуна түрткү берүүгө багытталат.  

Улуттук банк туруктуу негизде инфляциянын тышкы жана ички таасир этүү факторлоруна баа берип, экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын колдонот. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк алардын кесепетин жөнгө салуу үчүн жетиштүү инструменттерге ээ.  

 

Маалымат үчүн: 

 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2021-жылдын 25-январында өтөт.  

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция (%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

 

 

2-график. Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча инфляция (%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

 

 

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени (пайыздар)