Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, банктардын ишине тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүү, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү жана калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында, 2020-жылдын 25-ноябрында № 2020-П-12/67-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.