Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө  

БИЛДИРҮҮ  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аралыктан банктык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгып, анын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлө тургандыгын, ошондой эле бул маселеге кызыктар тараптардын сунуштары кабыл алына тургандыгын маалымдайт.  

Мында, Улуттук банктын электрондук документтерди кабыл алуу боюнча ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кредит берүү лимиттерин жогорулатуу каралган.   

  

1. Проблемалар жана негиздер.   

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучулардын мүмкүн болушунча кеңири чөйрөсү үчүн иштеп чыгуу жана кеңейтүү үчүн технологиялардын колдонулушу атаандаштыкка кыйла жөндөмдүү жана инновациялык финансы секторун өнүктүрүүгө жана финансы системасынын бүтүндүгүн камсыз кылууга өбөлгө түзүүгө тийиш. 

Ошондой эле учурда эпидемиологиялык кырдаал жарандардын кыймылына жана байланышына атайын талаптарды колдонууну шарттап жаткандыгын эске алуу зарыл. Буга ылайык, кардарларды тейлөөнү аралыктан тейлөө каналдарына өткөрүү чараларын көрүү зарыл. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты  технологиялардын жана бизнестин өнүгүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, тобокелдиктерди минималдаштыруу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.  

  

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун келечектеги пайдалуу жана артыкчылыктуу жактарына баа берүү:  

- инновациялык технологиялардын өнүгүшүнө түрткү берүү, бизнес-коомчулук үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;  

- аралыктан тейлөө каналдарын өнүктүрүүгө түрткү берүү.  

  

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттерге баа берүү:  

- банктардын ишин уюштуруунун технологиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруу үчүн жетиштүү деңгээлде корголбогон механизмдерди колдонуу. 

  

5. Сунушталып жаткан жөнгө салууда каралган жактар  ишкердик субъектилердин санын баалоо жана алардын өзгөчөлүктөрү

Жөнгө салынуучу механизм Кыргыз Республикасынын айрым коммерциялык банктарында гана сунушталат. Ченемдик укуктук актылардын талаптары такталгандан кийин көп банктарга жайылтууга болот. 23 коммерциялык банкта ишке ашырылышы мүмкүн. 

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууда каралган жактар аны жүзөгө ашырууда дуушарланышы ыктымал болгон кошумча чыгашаларды жана пайданы болжолдуу баалоо 

Ишкерлердин сарптоолору минималдуу болот, анткени бул сунуш ишти уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.  

Ишкерлер үчүн пайдалуу жагы:  

- аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

- укуктук жактан белгисиздик деңгээли төмөндөйт.  

  

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүдө Кыргыз Республикасынын бюджетинен чыгашаларды жана пайда алуусун болжолдуу баалоо 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. Мамлекеттик органдардын сарптоолору мамлекеттик органдардын ишине бөлүнгөн бюджеттик каражаттардан ашпайт. 

 

Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолор:  

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу бул проблемаларды чечүүгө болобу; 

- белгиленген максатка жетүү үчүн маанилүүбү жана негиздүүбү

- сунушталып жаткан жөнгө салуу белгиленген проблемаларды чечүүдө артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы;  

- сунушталып жаткан жөнгө салууну кабыл алуудан улам кандай пайда алууга болот жана анын артыкчылыктары;  

- сунушталып жаткан жөнгө салууну кабыл алууда кандай тобокелдиктер жана кесепеттер келип чыгышы мүмкүн;  

- проблемаларды чечүүнүн альтернативалуу, кыйла натыйжалуу жолдору барбы;  

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин пикириңиз. 

  

Бул маалыматты талкуулоо үчүн каралган мөөнөт жана байланышуу үчүн маалыматтар  

1. Сунуштар төмөнкү ыкмаларда кабыл алынат:  

   

- электрондук почта аркылуу 

ukulmanbetov@nbkr.kg   

- почта дареги  

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2020-жылдын 17-декабрына чейин  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2020-жылдын 24-декабрына чейин