1. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, «Дордой» соода комплекси, Шымкент токтотуу жайы, № 3 «Т» дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Аман ЛТД» алмашуу бюросунун 2019-жылдын 17-июлундагы № 5915 лицензиясынын аракети 2020-жылдын 9-декабрынан тартып 15-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 

2. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Суеркулов көчөсү, «Оберон» базары, №31 күркө дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «КЭШ АП» алмашуу бюросунун 2019-жылдын 14-мартындагы № 5876 лицензиясынын аракети 2020-жылдын 10-декабрынан тартып 16-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 

3. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, «Дордой» соода комплекси, борбордук өтмөк, №17 А/Б контейнер дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Лимон ЛТД» алмашуу бюросунун 2018-жылдын 5-ноябрындагы № 5834 лицензиясынын аракети 2020-жылдын 9-декабрынан тартып 15-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.