Улуттук банктын төрагасы 

Кыргыз Республикасындагы акча-кредит саясатынын негизги багыттары 

жөнүндө студенттерге айтып берди 

 

2020-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов "Манас" кыргыз-түрк университетинин Жогорку кесиптик мектебинин студенттери үчүн "Кыргыз Республикасындагы акча-кредит саясатынын негизги багыттары" деген темада лекцияны онлайн форматында өткөрдү

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы студенттерге акча-кредит саясатынын инструменттери жөнүндө кеңири айтып берди, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын экономикасын узак мөөнөткө туруктуу өнүктүрүү үчүн макроэкономикалык туруктуулуктун негизги элементтеринин бири болуп саналган, баа туруктуулугуна жетишүү жана инфляциялык жагымдуу чөйрөнү калыптандыруу максатында, Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзөт" деп, белгиледи Т.Абдыгулов. 

Мындан тышкары, Улуттук банктын төрагасы акча-кредит саясатынын инструменттерин өркүндөтүү чараларына токтолду: “Орто мөөнөткө каралган келечекте биз инфляцияны таргетирлөө режимине акырындык менен өткөрүү тапшырмасын коюп жатабыз.".  

Жолугушуунун жыйынтыгында Т.Абдыгулов лекция угуучулардын суроолоруна жооп берип, жаш муунга өздөрү тандаган тармак боюнча кесипкөй адис болуп өсүп чыгуусуна каалоо тилегин айтты. 

Өз кезегинде, "Манас" кыргыз-түрк университетинин Жогорку кесиптик мектебинин жетекчилиги менен студенттери Улуттук банктын төрагасына кызыктуу лекция окуп бергенине ыраазычылык билдиришти.