Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор банктык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында жана кредит келишимдерин түзүүдө жана банктык эсептерди (депозиттерди) ачууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалымат тутумдарынан электрондук түрдө маалымат алуу бөлүгүн тактоо максатында иштелип чыккан. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 26-январынан кечиктирбестен ukulmanbetov@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.