2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдары жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү 

 

2020-жылдын 25-декабрында министрликтердин жана ведомстволордун, эл аралык уюмдардын жана эксперттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен 2016-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин отуруму онлайн форматында өттү. Анын жүрүшүндө калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун туруктуу системасын түзүүгө тиешелүү маселелер каралды. 

Жолугушуу учурунда Улуттук банктын төрагасы: «Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашыруунун алкагында натыйжалуу чаралар жетиштүү кабыл алынганын, мында ар бир катышуучу аталган программаны ишке ашыруу үчүн өзүнүн ыйгарым укуктары менен компетенциясынын чегинде олуттуу салымын кошо алганын» белгиледи.  

Отурумдун акырында Улуттук банктын төрагасы өз ара кызматташтыкта үзүрлүү иш алып баргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, министрликтер менен ведомстволорго, бейөкмөттүк жана коммерциялык уюмдарга, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесине, Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясына ыраазычылык билдирип, GIZ, Дүйнөлүк банктын IFC тобу, Sparkasse фонду сыяктуу эл аралык уюмдардын ж.б. Программаны ишке ашырууга кошкон салымын, көрсөткөн жардамын баса белгиледи.