1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы АКБ «Толубай» жабык акционердик коому тарабынан АКБ «Толубай» ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Абдыразаков Надырбек Абдыкеримовичтин талапкерлигине 2020-жылдын 25-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.  

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «РСК Банк» ачык акционердик коому тарабынан «РСК Банк» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы жана тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Маматов Кайрат Адамкалиевичтин талапкерлигине 2020-жылдын 25-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.