Финансы-кредит уюмдарынын реструктуризацияланган кредиттерин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерин классификациялоо боюнча талаптарды өркүндөтүү, ошондой эле мүлк укуктары таркатылган активдерди классификациялоого карата талаптарды белгилөө максатында, Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 23-декабрында №2020-П-12/73-11-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Жогорудагы токтом менен Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилди: 

- «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобо; 

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.