Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы криптовалюталарды жөнгө салуу маселеси боюнча анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча аналитикалык каттын долбоорун, «Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө» жана «Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорун (мындан ары – долбоорлор) коомдук талкууга сунуштайт.
Долбоорлор Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк» / «Банк иши тууралуу мыйзамдар» / «Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кызыкдар болгон тараптар долбоорлор боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 10-февралынан кечиктирбестен жөнөтүүсү, электрондук версиясын кошумча sabdygaziev@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.