Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн, «Terem PAY» (Терем ПЭЙ) жоопкерчилиги чектелген коомунун 2015-жылдын 10-июнундагы № 3008030615 жана № 2009030615 төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун лицензияларын 2021-жылдын 29-январынан тартып кайтарып алды.