Улуттук банктын төрагасы менен Германия эл аралык кызматташуу боюнча шпаркасс фондунун Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Аня Хойер менен жолугушуу болуп өттү 

 

Германия эл аралык кызматташуу боюнча шпаркасс фондунун «Кыргызстанда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда айыл жергесин өнүктүрүүгө, чакан жана орто ишмердик секторунун потенциалын күчөтүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында, Фонд 2021-жылдын 2-февралында Улуттук банкка техникалык жабдууларды жана адабияттарды берди. 

Долбоордун максаты болуп, айыл калкынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу, кирешелеринин өсүшүнө дем берүү үчүн алардын финансылык жана ишмердик жүргүзүү боюнча сабаттуулугун жогорулатуу, тышкы факторлордун таасиринен максаттуу топтордун туруктуу сакталышын камсыздоо саналат.  

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашырууда Фонддун көрсөткөн көмөгү үчүн Аня Хойерге ыраазычылык билдирүү менен төмөнкүлөрдү белгилеп өттү: «Германия эл аралык кызматташуу боюнча шпаркасс фонду менен беш жыл биргелешип иштеген мезгил ичинде бир катар ири иштер аткарылды: 650дөн ашык тармактык предметтердин мугалимдери финансылык сабаттуулук боюнча окутуу курстардан өттү; «Мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды өткөрүү боюнча методикалык сунуш-көрсөтмөлөр» окуу-методикалык куралы жана студенттердин дептери, «Банк иши» окуу китеби иштелип чыкты; дуалдык окутуу программасынын алкагында 500дөн ашык жаш банк адистери окуудан өтүштү