Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 5,5 пайызга чейин жогорулатты  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 22-февралында эсептик ченди (негизги ченди) 50 базистик пунктка, 5,5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 2021-жылдын 24-февралынан тартып күчүнө кирет. 

Дүйнөлүк экономиканын өнүгүшү COVID-19 пандемиясынын жайылышынан улам бир түрдүү эмес өңүттө өнүгүүдө. Эл аралык соода түзүмүндө көлөмдөрдүн төмөндөшү байкалган, ошол эле учурда дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда бирдей эмес жагдай сакталып турат. Бардык мындай фактылар дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүнө сыяктуу эле, Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүктүн өнүгүшүнө да токтотуучу таасирин тийгизүүдө.  

Кыргыз Республикасынын экономикасы кармалып турган ыргакта калыбына келүүдө. Өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшү өлкөнүн бардык негизги секторлорунда сакталып турат. Ички талапта эч кандай жандануу жок, бирок өлкөгө акча которуулардын агылып кирүүсү боюнча алгылыктуу динамика ички талапты жандандыруу факторлорунун биринен болгон. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке адамдардын өлкөгө акча каражатын которуунун таза агылып кирүүсү 2,0 пайызга жогорулап, 1,9 млрд АКШ долларын түзгөн.  

Дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баалардын өсүшү уланган, анын жыйынтыгында өлкөдө инфляция көрсөткүчү өсүүдө. Кыргыз Республикасында жылдык инфляциянын мааниси 2021-жылдын февраль айында (12сине карата) 10,2 пайызды түзгөн. Айкын инфляция көрсөткүчү негизинен азык-түлүк товарлар тобундагы, айрыкча, өлкөгө импорттолуучу товарлардын негизги компоненттери боюнча баалардын өсүшүнүн эсебинен калыптанган. 2021-жылдын биринчи чейрегинде алкоголдук жана тамеки продукцияларына акцизди план боюнча жогорулатуу өтүп жаткан жыл ичиндеги баалардын жалпы деңгээлине кошумча салымын кошот. Түптөлгөн ички жана тышкы факторлорду эске алганда, инфляциянын бир аз тездеп, жылдын орто ченине карата акырындык менен туруктуу абалга келери, андан ары жылдын акырында бир маани чегинде түптөлөрү күтүлөт. 

Банктар аралык акча рыногу алгылыктуу тенденцияларды сактоо менен мүнөздөлөт, кыска мөөнөттүү чендер бул рынокто Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чекте, негизги ченге жакын көрсөткүчтө калыптанган. Акча рыногунун бардык сегменттеринде катышуучулардын жигердүүлүгү байкалган. Фискалдык операциялардын түзүмүнүн өзгөрүшүнөн улам, 2020-жыл ичинде банк системасында үстөк ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээлде топтолушунун орун алышы, болушу мүмкүн болгон инфляциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн, Улуттук банк тарабынан олуттуу көлөмдө арылтуу операцияларын жүргүзүүнү шарттайт. 

Ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу. Тышкы экономикалык шарттардын таасири астында айрым мезгил аралыгында чет өлкө валютасына болгон талап жогорулагандыгы байкалган. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө үчүн валюта рыногуна катышат.  

Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын акырындап калыбына келиши күтүлүүдө, бул орто мөөнөткө каралган келечекте тышкы талапты камсыз кылуу үчүн республикада экономикалык жигердүүлүктүн жогорулашына өбөлгө түзөт. Ошентсе да, дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын өсүшү Кыргыз Республикасында керектөө бааларынын жакынкы мезгил аралыгында жогорулашынын сакталып турушун шарттайт. Тышкы чөйрөнү өнүктүрүү өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк пайыздык ченди 5,5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк учурдагы акча-кредит саясатына корректировкаларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. 

Улуттук банк туруктуу негизде тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт.  

 

Маалымат үчүн: 

 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2021-жылдын 26-апрелинде өтөт.  

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай) 

 

 

2-график. Кыргыз Республикасында региондор боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай) 

 

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени 

(пайыздар)