Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө  

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик укуктук актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жана аны иштеп чыгуу, ошондой эле кызыкдар болгон жактардын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча колдонуудагы талаптарды өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарын топтоо тууралуу билдирет. 

Долбоор аркылуу төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу маселелери боюнча өзүнчө талаптарды жөнгө салуу нормаларын бир түрдүү түшүнүүнү жана колдонууну камсыз кылуу максатында деталдаштыруу сунушталат. 

 

1. Проблемалар жана негиздер. 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча колдонуудагы нормаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөргө багытталган: 

- аталган талаптардын төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору тарабынан талаптагыдай аткарылышы максатында жөнгө салуу боюнча талаптарды тактоого; 

- төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча талаптарды өркүндөтүүгө

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты  төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча талаптарды өркүндөтүү

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- жөнгө салуучу тарабынан төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине натыйжалуу көзөмөл жүргүзүү

- жөнгө салуучу жана төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун ортосунда жөнгө салуу боюнча өзүнчө нормаларды түшүнүүдө жана колдонууда пикир келишпестиктердин келип чыгуу тобокелдиктерин төмөндөтүү

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы алгылыксыз натыйжаларга алып келбейт, анткени ал талаптарды конкреттештирүү максатында төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча колдонуудагы талаптарды өркүндөтүүгө багытталган. 

 

5. Ишкер субъектилери сунушталган жөнгө салуу адресаттары боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү

Сунушталып жаткан жөнгө салуу төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине тиешелүү

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Сунушталып жаткан жөнгө салуунун субъектилери төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча талаптарды өркүндөтүүгө байланыштуу кошумча сарптоолорго учурабайт. 

Артыкчылыктары: Керектөөчүлөрдүн алдында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу. 

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. 

 

Билдирүүгө карата тиркеме: 

1. Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги: 

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуу вариантын киргизүү зарылдыгын баалоого өбөлгө түзгөн башка маалымат. 

 

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр:  

1. Сунуштарды кабыл алуу: 

  

- электрондук почта аркылуу: 

adjakubova@nbkr.kg 

- почта дареги аркылуу: 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш, Чүй пр, 168 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

2021-жылдын 17-мартынан кечиктирбестен 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү

2021-жылдын 22-мартынан кечиктирбестен