Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Операцияларды ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырган финансы-кредит уюмдары үчүн бирдей укуктук чөйрө түзүү жагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарат.  

Бул токтом долбоорунун максаты болуп, Улуттук банктын ислам каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын салттуу ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү саналат.  

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 14-апрелинен кечиктирбестен kdjakypova@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.