Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банктардын тобокелдиктерин жана капиталын тескөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор банк тутумунун туруктуулугун жогорулатуу, кредиттик тобокелдикти төмөндөтүү жана кредиттердин ордун жабуу өлчөмү боюнча талаптарды кайра карап чыгуу, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын банктык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча эл аралык стандарттарга жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзамдарга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Долбоордо коммерциялык банктардын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштары эске алынган. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында "Улуттук банктын ченемдик актылары"/"Талкууга сунушталган долбоорлор" бөлүгүндө жайгаштырылган. Ошондой эле долбоор Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылган koomtalkuu.gov.kg/kg). 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2021-жылдын 29-мартынан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.