1. Коронавирус инфекциясынан улам кризистин банк тутумуна тийгизген кесепетин жөнгө салуу жана активдерди үчүнчү ирет реструктуризациялоо боюнча талаптарды белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2021-жылдын 19-майында № 2021-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) «Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому кабыл алынган.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган. 

2. Кепилдик фондунун кепилдиги менен камсыздалган кредиттердин бөлүгүн классификациялоого карата талаптарды өркүндөтүү, ошондой эле чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн коммерциялык банктар кепилдик фондунун кепилдиктерин кабыл алуусуна түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 19-майында №2021-П-12/25-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Жогоруда аталган токтом менен Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилген: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 2020-П-12/25-7-(НПА) токтому менен бекитилген Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелерге. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.