Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 24-июнунда төмөнкү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кабыл алды: 

- 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо (№ 2021-П-14/34-4(ПС) токтом); 

- 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобо (№ 2021-П-14/34-5-(ПС) токтом). 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Жогорудагы ченемдик укуктук актылары Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган.