Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө  

БИЛДИРҮҮ  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы валюталык жөнгө салуу маселеси боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгып, анын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү, ошондой эле кызыкдар болгон тараптардын сунуштарын топтоо тууралуу маалымдайт.  

Сунушталган ченемдик укуктук актынын долбоорунда чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу, валюталык СВОП операциялар, банкноттук бүтүмдөр жана банктар аралык кредиттер сыяктуу банктар аралык валюталык операцияларды жүргүзүүдө талаптар кеңири көрсөтүлгөн. 

  

1. Маселелер жана негиздер.   

- валюталык операцияларды жүргүзүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базанын жетишсиздиги; 

- коммерциялык банктар тарабынан арбитраждык конверсиялык операцияларды жүргүзүү үчүн ченемдик базанын жоктугу. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты  коммерциялык банктар тарабынан валюталык операцияларды жүргүзүүдө минималдуу талаптарды белгилөө жана коммерциялык банктардын арбитраждык валюталык операцияларды жүргүзүүсү боюнча ишин жөнгө салуу. 

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү:  

- коммерциялык банктардын валюталык операцияларын жөнгө салуу; 

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү:  

- долбоор өзүндө алгылыксыз натыйжаларды камтыбайт. 

  

5. Ишкер субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү.   

Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктары үчүн минималдуу талаптар коюлган. 

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

 Ишкерлердин сарптоолору минималдуу болот, анткени сунуш кылынган чечим иштин ушул багытын формага салууга багытталган.  

  

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

 Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. 

 

Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолор:  

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

Сунуштарды талкуулоо үчүн каралган мөөнөт жана байланышуу үчүн маалыматтар:   

1. Сунуштар төмөнкү ыкмаларда кабыл алынат:  

   

- электрондук почта аркылуу 

eabdrazakov@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2021-жылдын 21-июлунан кечиктирилбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү  

2021-жылдын 28-июлунан кечиктирилбестен