Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин токтому менен «Карман» ЖЧКнын 2019-жылдын 26-августундагы төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун лицензияларын 2021-жылдын 20-сентябрынан тартып кайтарып алуу чечими кабыл алынган: 

№ 3025260819  өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо укугуна; 

№ 2025260819  үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо укугуна.