Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эмгек жамааты  

жаңы жетекчи менен таанышты 

 

2021-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев Улуттук банктын эмгек жамаатына жаңы жетекчи Боконтаев Кубанычбек Кеңешовичти тааныштырды. 

А. Касымалиев жаңы жетекчи К.К. Боконтаевди тааныштырып жатып, бүгүнкү күндө Улуттук банктын алдында турган милдеттердин маанилүүлүгүн белгилөө менен катар эле жооптуу кызмат ордуна келген жаңы төраганын ишине ийгиликтерди жана жемиштүү эмгектенүүнү каалап өттү

Өз кезегинде Кубанычбек Боконтаев ага ишеним көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ыраазычылык билдирип, эмгек жамааты менен өлкөнүн бакубаттыгы үчүн натыйжалуу иш алып барууга ишенерин айтты. 

Кечээ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы кызмат ордуна К.К. Боконтаевдин талапкерлигин жактырган.