Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасында майда чекене жана дайыма өткөрүлүүчү төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасын модернизациялоого байланыштуу ченемдик укуктук актыларды актуалдаштыруу максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен asyrgataev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл