2021-жылдын 1-октябрында «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү - 2021» темасында ири иш-чараны өткөрүү боюнча өнөктөш уюмдар менен жолугушуу болуп өттү.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн өткөрүүнүн максаты – каражат топтоо көндүмдөрүн калыптандыруу жана жайылтуу.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналып, дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 31-октябрда өтө түрган иш-чаранын алкагында бир катар иш-чараларды: ачык эшик күндөрүн, интерактивдүү оюндарды, лекцияларды уюштуруу, финансылык уюмдарга экскурсияга баруу, ошондой эле сынак өткөрүү пландаштырылган. Иш-чаралардын толук тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат.
Маалымат үчүн:
Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда Германия сактык кассалары фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, коммерциялык банктары менен биргеликте өткөрүлөт.