Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө  

БИЛДИРҮҮ  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктык чекене кызмат көрсөтүү боюнча агенттик келишим түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жана кызыкдар болгон тараптардын сунуштарын топтоо тууралуу билдирет. 

Банктардын чекене агенттери тарабынан документтерди ошол жерде кабыл алуу жана аларды банкка өткөрүп берүү боюнча сунуштаган банктык чекене кызматтарынын чөйрөсүн кеңейтүү сунушталат, бул кардарларга жана банкка, айрыкча өлкөнүн алыскы аймактарында кредиттөө / каржылоо процессин жеңилдетет. 

 

1. Проблемалар жана негиздер.   

Кредит берүү банктардын эң маанилүү иши болуу менен улуттук экономиканы өнүктүрүүгө салмактуу таасирин тийгизет. Азыркы учурда кредит аркылуу алдыңкы жана социалдык жактан маанилүү ишканаларга, калкка финансылык колдоо көрсөтүлөт, бул экономиканын реалдуу секторунун калыптанышына жана жашоо деңгээлин жогорулатууга алып келет. Каржылоо аркылуу коммерциялык банктар каржылоону камсыз кылуу жагында маанилүү ролду ойнойт. 

Иштелип чыккан долбоорго ылайык, банктар товар сатуучу агенттери аркылуу керектөө кредиттерин / каржылоону алууга потенциалдуу кардарлардан билдирмелерди карап чыгуу үчүн зарыл документтерди кабыл ала алышат.  

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты  чекене агенттер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын чөйрөсүн кеңейтүү, каржылоого жетүүнү кеңейтүү аркылуу банктардын ишинин натыйжалуулугун оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча зарыл чараларды көрүү

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү:  

Ченемдик укуктук актыга сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор чекене агенттер сунуш кылган, колдонулуп жаткан кызматтарды кеңейтүүгө, жакшыртууга жана модернизациялоого багытталган. Мунун баары төмөнкү артыкчылыктарга ээ: 

- кардарлардын убактысын үнөмдөө

- кардарларды ыңгайлуу тейлөөнү арттыруу; 

- каржылоо пунктун ачууга банктын чыгымдарын азайтуу; 

- кызматкерлердин эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу. 

  

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү:  

Чекене агенттери тарабынан банкка берүү үчүн документтер топтомун толук эмес чогултуп коюу. Кардарды идентификациялоо мүмкүн эместиги. 

  

5. Ишкердик субъекттери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү

Бул долбоор коммерциялык банктарга, банктык чекене кызматтарынын кеңири чөйрөсүн сунуштаган агенттерге, банктык чекене кызматтардын чектелген чөйрөсүн сунуштаган агенттерге жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына жайылтылат. 

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо. 

Аталган жөнгө салуу боюнча чыгымдар күтүлбөйт. 

Ишкерлер жана агенттер үчүн пайда: 

- кардарлар базасын кеңейтүү

Кардарлар үчүн пайда: 

- кредитти тариздөөнүн жеткиликтүүлүгү

Коммерциялык банктар үчүн пайда: 

- кредит портфелинин көбөйүшү

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүдө Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо.  

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. Мамлекеттик органдардын сарптоолору мамлекеттик органдардын ишин жүргүзүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардан ашпайт. 

 

Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолор:  

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу 

ausenova@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2021-жылдын 21-октябрынан кечиктирбестен 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2021-жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен