Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Москва көчөсү 164, 12-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Байкут и Ко» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 27-апрелиндеги № 6115 лицензиясынын аракети 2021-жылдын 5-октябрынан тартып 11-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.