Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2021-жылдын 4-октябрынан тартып 6-октябры ичинде салык салуу маселелерин кароого тартылган мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Ислам банк операциялары менен бүтүмдөрү, аларга салык салуу» темасында семинар өткөрүп жатат.  

Семинардын максаты мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ислам банк иши жана каржылоо принциптери жөнүндө түшүнүгүн арттыруу. Семинардын алкагында ислам укугу боюнча түшүнүктөр жана анын принциптери, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча негизги операциялар, алардын салттуу банктык операциялардан айырмачылыгы сыяктуу темалар каралат. Мындан тышкары аталган семинардын жүрүшүндө ислам банктык продукттарына салык салуу маселеси талкууланат.