2003-жылдын 27-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш алып барган банктык эмес финансы-кредит уюмдардын финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат берүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону банк эмес финансы-кредит уюмдарынын бардык түрлөрүн эске алуу менен оптималдаштыруу жана шайкеш келтирүү максатында, Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 28-сентябрында «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» № 2021-П-33/53-9-(НФКУ) жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 2021-П-33/53-10-(НФКУ) токтомдорун кабыл алды. Мындан тышкары, бекитилген Жободо финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптары эске алынган. 

Төмөнкү банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан финансылык отчетторду түзүү, жарыялоо жана берүү көрсөтүлгөн Жобого ылайык жүргүзүлөт: 

- микрофинансылык компаниялар; 

- турак жай-сактык кредиттик компаниялар; 

- кепилдик фонддор; 

өз ишине ар жылдык негизде тышкы аудит жүргүзүүчү микрокредиттик компаниялар; 

- мамлекеттик органдардын катышуусу менен же кредиттик жана финансылык иш алып барган туунду (көз каранды) юридикалык жактарга ээ микрокредиттик агенттиктер; 

өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу укугуна ээ кредиттик союздар; 

- адистештирилген финансы мекемеси; 

- адистештирилген финансы-кредит уюму. 

Мындан тышкары, микрофинансы секторунун ишинин айкындуулугун жогорулатуу үчүн жогоруда аталган көзөмөлгө алынган уюмдардын финансылык отчетун жалпыга маалымдоо каражаттарында же маалымат агенттиктеринин порталдарында жарыялоо жөнүндө талап каралган. 

Ошол эле учурда, аталган Жобого ылайык бардык микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар (башкы кеңсе, филиалдар, өкүлчүлүктөр, башкы кеңсе орун алган жерден тышкары жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөр) пайдалануучуларга жылдык финансылык отчеттун толук көлөмдө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана алардын биринчи талабы боюнча таанышып чыгууга берүүгө тийиш. Ошондой эле, бардык банк эмес финансы-кредит уюмдары жылдык финансылык отчетту расмий сайтына (эгер болсо) жайгаштырууга тийиш. Расмий сайты жок болгон учурда, жылдык финансылык отчетту маалымат тактасына жайгаштырууга тийиш. 

Токтомдор 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

2021-жыл үчүн жылдык отчет жана 2021-жылдын IV чейреги үчүн чейрек сайын берилүүчү отчет жаңы Жобонун талаптарына ылайык түзүлүүгө жана жарыяланууга, ошондой эле Улуттук банкка жарыялангандыгы жөнүндө билдирме жөнөтүлүүгө тийиш. 

Токтомдор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобонун электрондук версиясы Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg / Банк тууралуу / Улуттук банктын ченемдик актылары / Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу» бөлүгүндө жайгаштырылган.