Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөл жүргүзүү (оверсайт) системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатына киргизилген өзгөртүүлөргө шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 13-октябрында «Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) эрежелерин бекитүү тууралуу» № 2021-П-14/56-1-(ПС) токтомун кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк /Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.   

Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган.