Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы менен биргеликте, GIZ Германия эл аралык кызматташуу коомунун колдоосу менен 2021-жылдын 11-октябрынан тартып 14-октябрь күндөрү Жалал-Абад шаарында «Жаңгак токойлорун жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү коомчулукту тартуу менен ар түрдүү биотүрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу» боюнча GIZ долбоорунун катышуучуларынын ичинен финансылык сабаттуулук боюнча тандалган тренерлер үчүн семинар өткөрдү. GIZ долбоору Жалал-Абад обастынын жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча потенциалды жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатат

Семинардын программасы 9 модулдан түзүлгөн, сессияларга бөлүнгөн жана Кыргыз Республикасынын калкынын эресеге жеткенден кийинки катмары үчүн түзүлгөн финансылык сабаттуулуктун Стандарттуу базалык компетенциясынын бардык компоненттерин камтыган, финансылык сабаттулук боюнча унификацияланган комплекстин базасында даярдалды (билим, көндүм, жөндөм жана жүрүм-турум). 

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар финансылык сабаттуулук боюнча алган билимдерин кеңейтип, калктын эресеге жеткенден кийинки катмарын окутуу боюнча ээ болгон көндүмдөрүн андан ары өркүндөтө алышты. 

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча окутуудан ийгиликтүү өткөн тренерлердин андан ары Жалал-Абад областынын Базар-Коргон жана Аксы райондорунун алты айылынын тургундары үчүн финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча тренингдерди өтүүсү пландаштырылууда.