Улуттук банктын төрагасы К.К. Боконтаев 2021-жылдын 11-21-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өткөн Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду топторунун башкаруучуларынын жылдык кеңешмесине катышты. 

Иш-чаранын алкагында бир катар онлайн-жолугушуулар болду, анда макроэкономикалык саясат, финансылык туруктуулукту колдоо маселелери, пандемиянын экономикага тийгизген кесепеттери менен күрөшүү чаралары, Кавказ жана Борбордук Азия регионунда экономиканын өнүгүүсүн калыбына келтирүү маселелери талкууланды.