2021-жылдын 21-октябрында Япониянын Токио шаарында Минами Аойама, Минато-ку, 1-22, 5-чоме дареги боюнча жайгашкан JCB International Co., Ltd. компаниясы:
- «JCB» төлөм карттарын колдонуу менен эл аралык эсептешүү төлөм системасынын оператору катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өттү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын колдонуу менен эл аралык эсептешүү төлөм системаларынын реестрине 400721102021 каттоо номери менен киргизилди.
Жогоруда аталган реестр Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий сайтында «Банктын милдеттери» / «Төлөм системасы» / «Карттар боюнча эл аралык төлөм системалары» бөлүгүндө жайгаштырылган.