Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталды! 

2021-жылдын 25-октябрында Кыргызстанда Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөгө арналган жолугушуу онлайн форматында болуп өттү. Мындай ири масштабдуу кампания Кыргызстанда Улуттук банктын, Эл аралык кызматташуу боюнча Шпаркасс фондунун, республиканын финансылык институттарынын, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин жана башка катышуучулардын колдоосу менен 2015-жылдан тартып жетинчи жолу өткөрүлүп жатат. 

Жолугушууда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева, Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн негизги милдети калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, каражат топтоо маданиятын калыптандыруу жана акча ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүү болуп санала тургандыгын белгиледи. 

Эл аралык кызматташуу боюнча Шпаркасс фондунун өлкөдөгү өкүлү Динара Абакированын айтымында, Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн өткөрүү идеясы финансы секторуна болгон ишенимди бекемдөөгө жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө багытталган. 

КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Эркебай Мурзабеков белгилегендей, аталган агенттик депозиттерди коргоо системасына тиешелүү маселелер боюнча калкка маалымат максатында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналган иш-чараларга активдүү катышып келет. 

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөгө карата көптөгөн иш-чараларды: ачык эшик күндөрүн, лекцияларды, интерактивдүү оюндарды, финансылык мекемелерге экскурсияларды уюштуруу, сынак өткөрүү пландаштырылган. 

Өткөрүлүүчү иш-чаралар жөнүндө кеңири маалымат  Иш-чаралардын күндөлүгүндө берилген.