Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 7,5 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 25-октябрында эсептик ченди (негизги ченди) 7,5 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2021-жылдын 26-октябрынан тартып күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн экономикаларынын активдүү калыбына келүүсү уланууда. Ошентсе да, өсүшү уланган инфляциядан жана коронавирустун кыйла кооптуу штаммдарынын пайда болуу тобокелдиктеринен улам, биздин региондун экономикасынын туруктуу өсүү траекториясына чыгуу процессинде белгисиздиктер күч алууда.  

Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келиши бир калыпта жүрүп жатат. 2021-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн реалдуу өсүшү 0,1 пайыз деңгээлинде оң белгиге жеткен, «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, ИДӨнүн өсүшү 3,6 пайызды түзүү менен өткөн айдын деңгээлинде сакталган. Бирок экономиканын негизги секторлорунда: өнөр жай (1,2 п.п.), айыл-чарба (-0,7 п.п.) жана курулуш (-0,5 п.п.) тармагында өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшү өлкө экономикасынын калыбына келүүсүн токтотуп турган негизги фактор бойдон калууда. Өлкөгө акча которуулардын агылып кирүүсүнүн алгылыктуу арымына карабастан (2021-жылдын январь-август айлары үчүн +20,6 пайыз), ички суроо-талаптын калыбына келиши жай жүрүп жатат

Өлкөдө керектөө бааларынын деңгээлине ар кандай монетардык эмес факторлордун таасир берүүсү уланууда. 2021-жылдын октябрь айында (15ине карата) инфляция жылдык мааниде ушул эле жылдын сентябрь айындагы 13,5 пайыздан төмөндөп, 11,8 пайызды түзгөн. Өлкөдө керектөө бааларынын өсүшүнө таасирин тийгизген негизги факторлордон болуп, азык-түлүк товарларына баалардын дүйнө жүзү боюнча кымбатташы саналат. 

Жүргүзүлүп жаткан монетардык саясат курсу улантылууда. Акча рыногунда жагдай туруктуу сакталып турат. Кыска мөөнөттүү пайыздык чендер төмөндөгөн динамиканы көрсөтүп, пайыздык чектин алкагында калыптанган. Банктар аралык кредит рыногунда, айрыкча кыска сегментте, катышуучулардын активдүү болуусу катталган. 

Банк системасы үстөк ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээли орун алган шартта ишин уланткан. Экономиканы кредиттөө жана банктардын депозиттик базасын кеңейтүү боюнча алгылыктуу динамика сакталып турат. Депозиттер менен кредиттердин долларлашуу көрсөткүчтөрү төмөндөөдө.  

Ички валюта рыногундагы абалды туруктуу катары мүнөздөөгө болот. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүнө жол бербөө үчүн валюталык интервенцияларды жүргүздү

Өлкөдөгү инфляциянын деңгээлине тышкы катары мүнөздөлгөн факторлордун таасир берүү тобокелдиги сакталып турат. Азык-түлүк товарларына болгон баалардын дүйнө жүзү боюнча өсүшү, административдик баалардын жана тарифтердин (электр энергиясы, коомдук транспорт тарифтери) жогорулашы, айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүнүн олуттуу төмөндөшүн шарттаган үстүбүздөгү жылдын жаз-жай мезгилиндеги жагымсыз климаттык шарттар 2021-жылы инфляцияга алып келүүчү монетардык эмес негизги факторлордон болуп саналат

Тышкы чөйрөнүн өнүгүү өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 7,5 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына кошумча корректировкаларды киргизүү мүмкүндүгүн билдирет.  

Улуттук банк туруктуу негизде тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирлерине баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт.  

 

Маалымат үчүн: 

 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2021-жылдын 29-ноябрында өтөт.  

 

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай)  

 

 

2-график. Кыргыз Республикасында региондор боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай)  

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени 

(пайыздар)